SerepTV Logo

Жыл башынан бери тышкы карыз 9,2 миллион долларга азайды

Жыл башынан бери тышкы карыз 9,2 миллион долларга азайды
28-февралга карата Кыргызстандын сырткы мамлекеттик карызы 4 миллиард 212,41 миллион долларды түздү (357 миллиард 1,92 миллион сом). Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин материалдарында айтылат. 2021-жылдын 1-январынан бери тышкы карыз 9,2 млн долларга азайды. Кыргызстандын эки тараптуу жеңилдетилген насыялар боюнча негизги кредиторлору болуп Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен Япониянын Эл аралык кызматташтык банкы саналат. Аларга мамлекет 1,8 миллиард жана 236,3 миллион доллар карыз. Көп тараптуу насыялар боюнча Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы жана Азия Өнүктүрүү банкы негизги насыя берүүчүлөр. Аларга өлкө 674 миллион жана 599,6 миллион доллар карыз.
Unknown Author