SerepTV Logo

"Жоюлуп кеткен Финполдун эмгек жамааты Баткенге барууга даяр". Жапыкеев президенттен уруксат сурады

"Жоюлуп кеткен Финполдун эмгек жамааты Баткенге барууга даяр". Жапыкеев президенттен уруксат сурады
Жоюлуп кеткен Финполдун 350 офицери Баткенге барып, баскынчыларга каршы турууга даяр. Бул тууралуу Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев Инстаграм баракчасына жазып, чек арага барууга президент Садыр Жапаровдон уруксат сурады. "Урматтуу Башкы командачы Садыр Нуркожоевич! Финансы полициясынын жамааты сизден уруксат сурайбыз. Финполиция жоюлуп кеткенине карабастан Финполдун толук жамааты Баткенге барып элибиздин тынчтыгы үчүн, өз жаныбызды аябастан барып баскынчыларга каршы туруштук берүүгө 350 офицер чыгып кетүүгө даярбыз. Финполициянын өздүк курамы, штаб, спецназ, оперлер, тергөөчүлөр жана башка офицерлер баарыбыз элибиздин, жерибиздин, мамлекетибиздин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн турууга милдеттүүбүз. Уруксат бериңиз, жолдош президент. Финполдун курал жарактарын кайтарып беришсин. Биз даярбыз. Маалымат үчүн, бул кат Финполдун убактылуу жетекчиси Султанов Жоомарт Амановичтен келген. Бул пост пиар үчүн эмес, мен пиарга муктаж эмесмин..." - деп жазды ал.