Жол чарба департаментинин башчысы кызматынан бошотулду
Шабданбек Иманкулов транспорт министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде кол койгон.
Шабданбек Иманкулов 2018-жылдын 15-мартынан бери жол чарба департаментинин директору кызматын ээлеп келген.