Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата экинчи кылмыш иши ачылды
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата сотко чейинки өндүрүш иши башталлы. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматтан билдиришти. Бирок мекеме аталган райондук соттун аты-жөнүн айткан жок.
Маалыматка ылайык, Калиева райондук соттун мурдагы төрагасынын жараяндардын бириндеги мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашырган деп шек саналууда.
Учурда бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон кылмыш ишин УКМКнын Антикоррупциялык кызматы 3-февралда сотко чейинки өндүрүшкө алды.
Эксе салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жарыялаган. Ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер тийиштүү кызматтар макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан эле.
Бирок Гүлбара Калиева ага коюлган дооматтар боюнча журналисттереге үн ката элек.
Калиева 2018-жылдын сентябрынан бери Жогорку соттун башкармалык кызматында эмгектенип келет.