Жогорку Соттун төрагалыгына талапкер Садыр Жапаровдун жактоочусу болгонун тастыктады
Депутат Исхак Масалиев бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Соттун төрагалыгына талапкер Замирбек Базарбековдон 2016-жылга чейин сот болгондугун тактады.
«ЖМКларда сизди Садыр Жапаровдун адвокаты болгон деп жүрөт. Качан болгонсуз?» - деп сурады депутат.
«Акыркы жылдары анын жактоочусу болгом», - деп жооп берди Базарбеков.
«2020-жылдын октябрь айында ал бардык иштер боюнча акталганда, сиз чечим чыгарган судьялардын арасында болгон эмессизби?" - деп сурады депутат. Талапкер ал учурда сот болуп иштебегенин билдирди.