SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин конституциялык комитети Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын жактырды

Жогорку Кеңештин конституциялык комитети Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын жактырды
Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповдун жана өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Улукбек Марипов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине анын талапкерлигин колдогон үчүн ыраазычылык билдирди. Эртең, 3-февралда премьер-министрликке сунушталып жаткан Улукбек Мариповдун талапкерлиги жана ал баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.
edita