Жогорку Кеңештин комитети тарабынан Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна Алмазбек Акматовдун талапкерлиги жактырылды
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети Алмазбек Акматовдун талапкерлигин Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна жактырды. Мындай чечим бүгүн, 22-февралдагы отурумда кабыл алынган.
Комитеттин төрагасы Эмил Токтошевдин маалыматы боюнча, бул квота президент тарабынан каралган.
А.Акматов буга чейин Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык башкармалыктын башчысы болчу.