SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин комитети капиталды адалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин комитети капиталды адалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети капиталды легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Мындай чечим бүгүн, 21-июнда кабыл алынды. Депутат Султанбай Айжигитов мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салып, кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү сунуштады. Бирок кесиптештеринин көбү аны колдошкон жок. Министрлер кабинети 2022-жылга чейин каалаган формадагы мүлктөрдү легалдаштырууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору жеке адамдарга жана капиталга тиешелүү. Чектүү сумма 100 миллион сомду түзөт. Андан жогору 1 миллион сом өлчөмүндө декларациялык төлөм төлөнөт.