SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин комитети 2020-жылы "Дастан" заводуна келген ИВЛ аппараттарын сатып алууга каршы болушту

Жогорку Кеңештин комитети 2020-жылы "Дастан" заводуна келген ИВЛ аппараттарын сатып алууга каршы болушту
Кечээ, 24-майда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 2020-жылдын июль айында “Дастан" заводуна келген, бирок колдонулбай турган 400 ИВЛ аппараты боюнча парламенттин протоколдук тапшырмасын карады. Комитет мүчөлөрү талкуулоодон кийин чечим кабыл алышып, мамлекеттик органдарга төмөнкүлөрдү тапшырышты: 1. УКМК 2020-жылы жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарсын; 2. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жасалма дем алдыруучу аппараттарга чукул муктаждык жок;

3. Министрлер кабинети жана «Дастан» заводуна 2020-жылы «Дастан» заводуна алып келинген жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алууга тыюу салынсын.