Жогорку Кеңештин 11-марттагы жалпы жыйыны
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аманова Бурун Кушбековнанын ант берүүсү
2. Ар кандай маселелер;
3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
4. "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
5. "Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – өкмөт. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет).
Түз эфирди шилтеме аркылуу көрсөңүздөр болот.