Жогорку Кеңештин жыйыны "Кумтөр" боюнча тасма көрсөтүүдөн башталды
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Жыйында "Кумтөр" маселеси каралууда. Кезексиз жыйында атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр" боюнча тасма даярдалганын айтып, көрүүнү сунуштады.
Тасма Кыргызстандын кооздугун чагылдырган, тарыхын баяндаган кадрлар менен башталып, "Кумтөрдө" 5 мөңгү жайгашканын, алтын казуу ачык жолу менен жүргүзүлөрү, ошондой эле аны казуу үчүн көп сандаган мөңгү алынып жатканы айтылды. Мындан тышкары, убагында компания жаратылышты коргоо, сактоо боюнча келишим менен макул болгону, бирок кийинчерээк ал келишимди бузуп, мөңгүлөргө жапайы мамиле кылып жатканы айтылып, көрсөтүлдү.
https://youtu.be/UWsFchd6x8k