SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ИИМге суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ИИМге суракка чакырылды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ИИМге суракка чакырылды. Бул туурасында депутат өзү соцтармакта билдирди. Анын айтымында, сурак өткөн жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу өтөт. «Мен бул ишти эбак жабышты го деп ойлогом, көрсө, дагы деле чукулап жатышыптыр. Бирок бул иште биринчилерден болуп Садыр Жапаров өтүш керек», - деп жазат ал. Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразы болгондор аянтка чыгып, бул бийликтин алмашуусуна алып келген.
Unknown Author