Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова ант берди
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында жаңы депутат Бурун Аманова ант берди.
Эл өкүлү Клара-Гүлнара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматына дайындалганда Жогорку Кеңеште бир мандат бошогон. БШК 7-мартта бул орунга «Ата Мекен» партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Бурун Амановага мандат тапшырган болчу.