Жогорку Кеңештин депутаттык топторунун аты өзгөртүлдү
Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун аты «Ынтымак - Мекенчил» деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу чечим аталган депутаттык топтун жыйынында кабыл алынды. Ошондой эле «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчисинин орун басары болуп Советбек Рустамбек уулу шайланды.
Мурдараак «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык топтун лидери болуп Талант Мамытов шайланган.
Буга чейин «Ата-Журт» депутаттык тобунун аты «Эл үмүтү - Ата Журт» деп өзгөртүлгөн.