SerepTV Logo

Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда казинолордун ишин мыйзамдаштырууну колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда казинолордун ишин мыйзамдаштырууну колдоду

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин депутаттары кумар оюндарын мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Министрлер кабинети оюн-зоок жайларына – казинолорго, оюн автоматтары бар залдарга жана лотереяларга 21 жаштан жогорку чет өлкөлүк жарандар гана бара алат, бирок аларда Кыргызстандын жарандары иштей аларын айтышты. 

Мамлекеттик каржы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, мыйзам долбоору бюджетти толтуруу жана өлкөнүн экономикасынын деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Долбоорго 55 депутат "макул", 14 депутат "каршы" добуш берди, 69 депутат катталды.