Жогорку Кеңеште шаардык кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талап кылынды
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Бишкек жана Ош шаарларындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды. Анын айтымында, үгүт өнөктүгү менен добуш берүү мыйзам бузуулар менен өткөн.
"Биз бир гана партияны жарыштан четтеттик. Бардык эле партия мыйзам бузган. Ош менен Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу керек. Президент өзү деле айтпады беле шайлоо таза өткөн жок деп", - деди ал.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов келип түшкөн арыздардын бардыгы изилденип жаткандыгын билдирди.
"2-майдан баштап биз 10 күндүн ичинде чечим кабыл алышыбыз керек", - деди ал.