SerepTV Logo

Жогорку Кеңеште Мадумаровдун кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Жогорку Кеңеште Мадумаровдун кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды
Бүгүн, 7-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча убактылуу комиссия түзүүнү сунуштады. "Күн тартибине Мадумаровдун кармалышы боюнча депутаттык убактылуу комиссия түзүү боюнча сунушту киргизүүнү сунуштайм", - деди ал. Ал эми Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев күн тартибине киргизүү үчүн фракция же комитеттин чечими болушу керектигин айтып, Жогорку Кеңешке кагаз түшпөгөнүн билдирди.
edita