Жогорку Кеңеште кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоор каралат
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 6-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат.
Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, долбоорду талкуулоого Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев чакырылган.
Документтин авторлору - Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков. Эки депутаттын демилгеси боюнча, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргыз жарандары киргизилбейт. Долбоор кабыл алынса, бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе, жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.
Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы себеп болгон.