Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында жаңы депутат ант берди
Жогорку Кеңеште бүгүн, 17-майда кезексиз жыйын өтүп жатат. Анын жүрүшүндө «Республика - Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен келген жаңы депутат Өскөнбай Жээнбаев ант берди.
Жээнбаев буга чейин өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган Зарылбек Рысалиевдин ордун ээледи. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы эл өкүлү буга чейин курулуш компанияларын жетектеген.