SerepTV Logo

Жогорку Кеңешке шайланган 6 жаңы депутаттын бешөө ант берди (видео)

Жогорку Кеңешке шайланган 6 жаңы депутаттын бешөө ант берди (видео)
Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңеш өз ишин баштады. Жыйналыш гимн менен башталды. Жыйындын жүрүшүндө депутаттардын катарын 6 депутат толуктаганы айтылды. Алар ант беришти. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жаңы депутат Жумабек Салымбековдун ден соолугуна байланыштуу келбегенин билдирди. Ант бергендер: №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча - Айжигит Тыналиев. №5 Ноокат шайлоо округу боюнча - Бакытбек Марипов. Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясы - Арсланбек Эгембердиев. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы - Аккулу Бердиев.  "Ыйман Нуру" саясий партиясы - Эрнист Айдаралиев. https://youtu.be/xEKuqZxSwLU
edita