SerepTV Logo

Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди

Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди
Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди. Бүгүн, 7-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы бошогон мандаттарды Бурун Аманова менен Шайлообек Атазовго тапшырды. Эл өкүлү Клара-Гүлнара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси кызматына дайындалганда Жогорку Кеңеште бир мандат бошогон. Бул орунга "Ата Мекен" партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Бурун Аманова келди. Экинчи жаңы депутат - Шайлообек Атазов. Ал президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келди.
Unknown Author