Парламентте тоо-кен ишканаларына тышкы башкарууну киргизүү сунушталды
Парламент тоо-кен ишканаларына тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштоодо. Бул сунуш Акылбек Жапаров менен Бактыбек Турусбеков тарабынан киргизилген. Бул тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
Депутаттын айтымында, министрлер кабинети башкаруучуну дайындайт. "Эгер бул документ дүйнөлүк деңгээлде ишке киришсе, анда Кыргызстан рейдер аталат", - дейт депутат.
Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусуна ылайык, тоо-кен тармагы стратегиялык категорияга кирет жана эл аралык капиталды тартуу үчүн жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик активдерди тартуучу Улуттук тоо-кен компаниясы түзүлөт.