Жогорку Кеңеш регламент боюнча мыйзам долбоорун кароону жылдырды
Жогорку Кеңеш парламенттин регламенти тууралуу мыйзам долбоорун кароону саат 14:00гө жылдырды. Депутат Камила Талиева залда депутаттардын аздыгын белгиледи.
«Залда депутаттар аз, биз регламентти карайбыз. Жарым жылдан бери мыйзам долбоорун кабыл ала албай жатабыз. Көп каталар менен даярдалгандыктан, кароону башка күнгө жылдыруу керек», - деди ал.
Залда 20 депутат отурат. Жыйындын башында 55 эл өкүлү каттоодон өткөн болчу.