SerepTV Logo

Жогорку Кеңеш Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына Нурдан Орунтаевди дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына Нурдан Орунтаевди дайындоого макулдук берди
Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына Нурдан Орунтаевди дайындоого макулдук берди.  11-февралда президенттин жарлыгы менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги министрлик болуп түзүлгөн. Курулуш министрлиги өлкөдөгү он жетинчи министрлик болуп калды. Жаңы түптөлгөн министрликти Нурдан Орунтаев башкарат. Ал буга чейин агенттикти жетектеп келген.  Нурдан Орунтаев 1988-жылы 9-сентябрда Нарындын Кочкор районунун Туз айылында туулган. 2011-жылы Орусиянын ИИМинин Волгоград академиясын «юриспруденция», «соттук криминалистика» адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Бишкектин Свердлов райондук милициясында тергөөчү болуп баштаган. Эмгек жолу: * 2011-2012-жыл — Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү; * 2012-2014-жыл — ИИМ Академиясынын окутуучусу; * 2015-2016-жыл — Октябрь райондук ИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы; * 2016-2018-жыл — Октябрь райондук ИИБдин улук тергөөчүсү; * 2018-2019-жыл — Свердлов райондук ИИБинин тергөө кызматынын башчысынын орун басары; * 2019-жыл — Чүйдүн Москва райондук ИИБинин тергөө кызматынын башчысы; * 2019-2020-жыл — Чүйдүн Сокулук райондук ИИБинин тергөө кызматынын башчысы; * 2020-2021-жыл — ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү; * 2021-жылы — ИИМдин тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары; * 2022-жылы — Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору; * 2022-2023-жыл — Бишкек шаарынын вице-мэри; * 2023-2025-жыл — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; * 2025-жыл, февраль — Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри.