SerepTV Logo

Жогорку Кеңеш Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына дайындоого макул болду

Жогорку Кеңеш Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына дайындоого макул болду
Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевдин тышкы иштер министри кызматына талапкерлигин карады. Депутаттар тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берди. 71 депутат анын талапкерлигин колдоду. Кулубаев 2021-жылдын августунан бери президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.