SerepTV Logo

Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу сунушун президентке жөнөттү

Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу сунушун президентке жөнөттү
Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу тууралуу сунушун президентке жөнөтүү чечимин кабыл алды. Мындай чечимди колдоп 72 депутат добуш берсе, 3 эл өкүлү каршы болду. Эдил Байсалов - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары. Ал 20-июнда парламенттин комитеттик жыйынында депутаттар менен кайым айтыша кеткен. Анын ошол сөзү жана андан кийин ЖМКларга берген маеги кечээ, 21-июнда жана бүгүн 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында бир канча жолу көтөрүлгөн болчу.
info