ЖККУ: "Жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү керек"
Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы жаңжалды токтотуу керек. Жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү керек. Бул тууралуу 29-апрелде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зас билдирди. Анын айтымында, ЖККУ кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тыкыр көз салып жатышат.
Уюмдун пресс-катчысы Владимир Зайнетдинов белгилегендей, Станислав Зас Тажикстан менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары Насрулло Махмудзода менен Рыскелди Мусаев Дүйшөмбүдөгү Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын саммити учурунда учурдагы кырдаалды талкуулашкан.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын бири-бирине таш ыргытуусу ок атышууга айланган. Кийинчерээк эки мамлекеттин аскер кызматкерлеринин ортосунда куралдуу кагылышуу болду. Жабыркагандардын саны 134 адамга, каза болгондордун саны 13кө жетти. Кечээ тараптар ок атышпоо келишимине келишкен. Баткен өкүлчүлүгү учурда абал тынч экенин, ок атышуу токтотулганын билдиришти.