SerepTV Logo

Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 8-октябрга дайындалды

Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 8-октябрга дайындалды
Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Аталган айылдык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Конституциянын 70-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 4-беренеси жана 48-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2023-жылдын 8-октябрына, жекшембиге дайындалсын. 2. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы: – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына шайлоону мыйзамга ылайык өткөрүүнү уюштурсун; – убактылуу регламенттөө жана башка зарыл болгон чараларды көрүү менен аралыктан добуш берүү формаларын, жабдуулардын модернизацияланган түрлөрүн колдонууну пилоттук режимде апробациялоо мүмкүнчүлүгүн карасын. 3. Министрлер кабинети: – шайлоону өткөрүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн; –  шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн; – электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык түрдө жүктөп алуу жолу менен шайлоочулардын тизмелерин түзүү боюнча чараларды көрсүн; – маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн; – пилоттук апробациялоо жөнүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдерине ылайык шайлоочуларды идентификациялоо программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн; – добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн. 4. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана тиешелүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн. 5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.