SerepTV Logo

Жети-Өгүз, Жумгал жана Кара-Сууга жаңы акимдер дайындалды

Жети-Өгүз, Жумгал жана Кара-Сууга жаңы акимдер дайындалды
Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – райондордун акимдерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. - Адыбек Набиев - Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалды; - Жакыпбек Субагожоев - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалды; - Эрмек Бахавадинов - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалды; Ошону менен бирге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемелери менен: - Уристем Манапов - президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду; - Зарлык Тургунбаев - президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды; - Турсунбек Бактыгулов - Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды; - Шакир Мамадалиев - Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды; - Бактыбек Осмонов - Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин орун басары болуп дайындалып, мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
info