SerepTV Logo

Жер-Үй алтын кенине Садыр Жапаров барат. Путин иш-чарага онлайн катышат

Жер-Үй алтын кенине Садыр Жапаров барат. Путин иш-чарага онлайн катышат
17-мартта мамлекет башчысы Садыр Жапаров Таластагы Жер-Үй алтын кенин иштетүү фабрикасынын ачылышына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди. Басма сөз катчынын айтымында, алтын фабриканын ачылышына Орусиянын президенти Владимир Путин да телекөпүрө форматында онлайн катышат. Аталган кенди иштетүү лицензиясы "Альянс Алтын" ЖЧКсына таандык, анын негиздөөчүсү орусиялык "Восток-Геолдобыча" аттуу фирма.
Unknown Author