Жергиликтүү кеңештерге ат салышкан партиялар шайлоо күрөөсүн 11-мартка чейин төгүшү керек
11-мартка чейин шаардык кеңешке ат салышкан партиялар шайлоо күрөөсүн төлөшү керек. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерге 22-мартка чейин убакыт берилет. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек жана Ош шаарларындагы саясий уюмдардын ар бири 50 миң сомдон күрөө төлөйт. Башка шаарларда - 20 миң сом. Бир мандаттуу талапкерлер 1 миң сом менен чектелет.
БШК эскертет: Эгерде мандатка талапкер же партия бюллетендер даярдалгандан кийин катышуудан баш тартса, анда шайлоо күрөөсү аларга кайтарылып берилбейт.
Мындан тышкары, партиялар жана айылдык кеңештерге талапкерлер шайлоо фонддорун түзүп, документтери менен маалымдама тапшырышы керек. Каражаттарды сарптоо боюнча алгачкы отчеттор шайлоо күнүнө чейин 10 күндөн кечиктирилбестен, акыркы отчет да 10 күндөн кечиктирилбестен берилиши шарт.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөт.