SerepTV Logo

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Бишкекте шайлоочулардын 11,5% добуш бере албайт

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Бишкекте шайлоочулардын 11,5% добуш бере албайт
Бишкекте  шайлоочулардын 11,5% жергиликтүү шайлоолордо добуш бере алышпайт. Анткени алар биометрикалык каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Шайлдабекованын айтымында, борбор калаада 1 миллион 53 миңден ашык жаран жашайт. Алардын 417 миңге жакыны гана биометрикалык каттоодон өткөн. Бул калаадагы жалпы шайлоочулардын 39,5%ын гана түзөт. Салыштыра турган болсок, 2016-жылдагы жергиликтүү шайлоого 958 миңден ашык жаран катышкан. Башкача айтканда бул көрсөткүч 32,4% дегендик. БШК шайлоочулардын саны биометрикалык каттоону жайылтуудан улам көбөйгөнүн белгиледи. Быйыл Бишкек шаардык кеңешин шайлоо үчүн борбор калаада 2 миң 273 шайлоо участогу жана 1 миң 421 шайлоо округу уюшулду. Белгилей кетсек, БШКнын маалыматы боюнча өлкөдө 344 миң жаран биометрикалык каттоодон өтө элек. Жергиликтүү шайлоолор 11-апрелге белгиленип, 28 шаар жана 420 айыл аймактарында өтөт.
Unknown Author