SerepTV Logo

Жеңиш Молдокматов: "Садыр Жапаров түрмөдө отурганда мамилебиз жакшы болчу"

Жеңиш Молдокматов: "Садыр Жапаров түрмөдө отурганда мамилебиз жакшы болчу"
Мен Садыр Жапаровдун президент катары жасап жаткан иштеринин айрымдарына “туура эмес” деп баа берем. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов СуперТВ телеканалындагы "Саясий коктейль" берүүсүндөгү маегинде билдирди. “Мен негизи эле Садыр Жапаровду жек көрүп, жаман көрүп, өзүмдүн кызыкчылыгымды көздөгөн адам эмесмин. Садыр Жапаров түрмөдө отурганда мамилебиз жакшы болчу. Мен бул адамдын президент катары кылып жаткан иштеринин айрымдарына "туура эмес" деп баа берем. Жалпы саясатты жүргүзүү боюнча: "саясий реформа кылам" деди беле, бүгүн кризисте. Муну бүгүн түшүнбөшү мүмкүн учуру келгенде баары башын кармап айтат “тура айткан турбайсыңарбы” деп. Мен аны билем. Ал эми экономикалык жаатты алганда, инвестор келет дейт. Кайсы инвестор келет? Буга чейин эл аралык инвесторлорду кубалап атып кетирдик беле. Эми Кыргызстандан ички инвесторлор да кете башташты”,- деди ал. Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.
edita