SerepTV Logo

"Жеңелерибиз Кемалдын өмүр баянын жакшы билишет". Депутат тарыхый инсандар унутулуп баратканын айтты

"Жеңелерибиз Кемалдын өмүр баянын жакшы билишет". Депутат тарыхый инсандар унутулуп баратканын айтты
Бүгүн, 18-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков тарыхый инсандар унутулуп баратканын айтты. "Кыргызстанда өзүбүздү-өзүбүз тааныбай жатабыз. Тарыхыбызды сыйлоо идеологиясы басаңдап кетти, өчүп баратат. Жаштарыбыз Роналдо ким десең билет. Кайсы оюнда, кайсы голду киргизгенин билишет. Жеңелерибиз Кемалдын өмүр баянын жакшы билишет. Өзүбүздүн тарыхый инсандарды унутуп баратабыз. Муну эмнеге айтып жатам? Легендарлуу юрист эжекебиздин 75 жылдыгы экен. Капысынан көрүп калдым. Өмүрүмдө көргөн эмес экем. Чолпон Баекова 75ке чыгып жатыптыр. Ушундай адамдарды билбей калып жатабыз", - деди ал.