"Желекти көргөн эмесмин". Дастан Бекешев каршы добуш берерин айтты
"Мен Кыргызстандын желегин көргөн эмесмин. Бирок аң-сезимим менен кандай туу болбосун, ал өлкөнүн өсүп-өнүгүшүүнө тоскоолдук кылбай турганын түшүнөм". Бул тууралуу Дастан Бекешев билдирди.
Депутаттын айтымында, ал да шайлоочулары сыяктуу эле желекти өзгөртүүнүн маанисин түшүнбөй жатат. "Ошол үчүн мен каршы добуш берем", - деди ал.