"Желектер илинип, килем төшөлүп, кароол тизилип". Садыр Жапаров Ашхабад шаарына барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда жумушчу сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барды.
Мамлекет башчынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду, анда Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Жумушчу сапарынын алкагында президент Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="85963,85964"]