SerepTV Logo

Жээнбековдун тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Данияр Сыдыков "гумжардамды жеген жокмун" деп актанды

Жээнбековдун тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Данияр Сыдыков "гумжардамды жеген жокмун" деп актанды
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков эл башчы болуп турган мезгилде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Данияр Сыдыков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады. Анда ал гумжардамдарга тиешеси жок экенин айтып, дарегиме айтылган сын-пикирлерге жооп берип жатам деп билдирген. "Менин дарегиме коронавирус пандемиясы учурунда биздин мекенге чет өлкөлүк мамлекеттерден келген жардамдар тууралуу соцтармактарда ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат. Эми мен жетектеген багыттын иш-аракеттерине токтолсом. Апаат башталгандан тартып тышкы саясат каналдар аркылуу мамлекет башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен бир катар сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, алардан гумжардам алуу сүйлөшүлгөн. Белгилеп кетсем, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмү, Тышкы иштер министрлиги жана элчилер тиешелүү жардамдарды тартуунун гана үстүнөн иштейт. Аны үчүн биз жана министрлик тараптан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бардык деңгээлде тынымсыз сүйлөшүүлөр уюштурулуп, колдон келишинче илдет менен жетишээрлик деңгээлде көбүрөөк жардам тартуу боюнча иштер жүргүзүлгөн" ,- деп жазган Сыдыков.  
Unknown Author