SerepTV Logo

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министри болуп дайындалды

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министри болуп дайындалды
Кулубаев Жээнбек Молдоканович Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды жана буга чейин ага жүктөлгөн милдеттерден бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.