SerepTV Logo

Жапаровду Орусияга кимдер коштоп кетти? (тизме)

Жапаровду Орусияга кимдер коштоп кетти? (тизме)
Бүгүн, 24-февралда президент Садыр Жапаров иш сапар менен Орусияга кетти. Президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлагандай Жапаровду өзүнүн аппарат жетекчиси жана биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков баштаган министрлер, мамлекеттик агенттиктин жетекчилери коштоп кеткен. Президентти коштоп кеткен делегациянын курамы:
  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
  • Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнтбек Касмамбетов
  • Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков
  • Вице-премьер-министр — Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев
  • Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат
  • Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев
  • Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев
  • Айыл чарба, суу чарба жана аймактардын өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков
  • Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева
  • Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев
  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов.
 
Unknown Author