Жапаров: "Түркия Кыргызстандын карызын кечти"
Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-ноябрда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.
"Эрдоган мырзага Кыргызстандын Түркияга болгон тышкы карызыбызды кечүү боюнча кабыл алган чечими үчүн ыраазычылык билдире кетейин", - деди Жапаров.
Түркия кечкен 62 миллион доллар өлкөдө жашыл экономикага жумшалары маалым болду.