SerepTV Logo

Жапаров Токаев, Пашинян жана Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жапаров Токаев, Пашинян жана Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-январда кечинде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөштү. Лидерлер Казакстандагы учурдагы кырдаалды талкуулашты. Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди. Тараптар ЖККУнун уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашты.