Жапаров ЖККУнун жыйынына келген президенттерге белек тартуулады
Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларына кыргыз элинин сый-урматынын жана меймандостугунун символу катары колго жасалган панно жана улуттук музыкалык аспаптарды белек кылды. Беларусь башчысына добулбас, сыбызгы, Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаевге кыл кыяк, Орусия лидери Владимир Путинге комуз, ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго керней, сурнай тартууланган.
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары саммиттин алдында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышышты. Конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси көрүштү. Анын ичинде боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга катышуучу мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="297012,297002,297011,297010,297009,297006,297005,297007,297008,297004,297013"]