Жапаров эртең Беларуска иш сапары менен барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-4-июнь күндөрү иш сапары менен Беларусь Республикасына барат.
Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, "Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу" пленардык сессиясына катышуу жана "Белагро-2024"эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.