SerepTV Logo

Жапаров биринчиде, Мадумаров сегизинчиде... Талапкерлердин бюллетендеги номери аныкталды

Жапаров биринчиде, Мадумаров сегизинчиде... Талапкерлердин бюллетендеги номери аныкталды
Бүгүн, 19-декабрда БШКда президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин бюллетендеги номери аныкталды. Ал адаттагыдай эле чүчү кулак кармоо менен чечилди. 1. Садыр Жапаров; 2. Канат Исаев; 3. Мыктыбек Арстанбек; 4. Клара Сооронкулова; 5. Имамидин Ташов; 6. Рашид Тагаев; 7. Абдил Сегизбаев; 8. Адахан Мадумаров; 9. Аймен Касенов; 10. Улукбек Кочкоров; 11. Жеңишбек Байгуттиев; 12. Элдар Абакиров; 13. Курсан Асанов; 13. Арстанбек Абдылдаев; 15. Равшан Жээнбеков; 16. Бактыбек Калмаматов; 17. Бабыржан Тольбаев; 18. Каныбек Иманалиев.

Жапаровдун бюллетендин сап башында жайгашуусу социалдык тармактарда талкууга жем таштады. Айрымдар буга чейинки шайлоодо “Биримдик” партиясынын 1-катарда болгонун эстеп, мындан улам чүчү кулак кармоонун жүргүзүлүшүнө шектенип жатышса, кээ бирлер “дал келүү болсо керек” дешүүдө. Президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ушул эле күнү мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүү да дайындалган.

 
admin@supertv.kg