SerepTV Logo

Жаңы депутаттар ант беришип, үчөө тең "Мекенчилге" киришти

Жаңы депутаттар ант беришип, үчөө тең "Мекенчилге" киришти
Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Калпаев Бактыяр Алиевичтин, Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин жана Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин ант берүү аземи болуп өттү.
Бактыяр Калпаев Баткендеги №2, Илимбек Кубанычбеков Кара-Суудагы №9, Бекмурза Эргешов №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан шайланды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы үч депутаты "Мекенчил" депутаттык тобунун курамына киришти. Аталган топту Эльмурза Сатыбалдиев жетектейт. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="240697,240696,240698"]
info