SerepTV Logo

Жаңы Башмыйзам боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүү жылдырылды

Жаңы Башмыйзам боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүү жылдырылды
Бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңештин отурумунда Баш мыйзам боюнча референдум өткөрүүнү 11-апрелге дайындоо мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлган жок. Төрага Талант Мамытовдун айтымында, бул маселе эртеңкиге калтырылды. «Добуш берүүгө чыгарылган мыйзам долбоорлордун катарында бул мыйзам долбоору жок. Жогорку Кеңештин аппараты күн тартибине чыгарсын, анан добуш беребиз», — деди ал. Добуш берүү үчүн 84 эл өкүлү каттоодон өттү, бирок жыйындар залында андан аз депутат отурду. Күн тартибиндеги башка маселелерге добуш берүү учурунда Дастан Бекешев отурумга катышпаган депутаттардын компьютерлерин өчүрүүнү талап кылды. "Дагы эле баягы көрүнүшкө баратабыз. Сиз спикер катары жок депутаттар үчүн добуш берилбешине көз салыңыз. Сиз карабасаңыз, анда журналисттерге бериңиз бул укукту. Алар карап, тартып алышсын", - деди Дастан Бекешев төрага Талант Мамытовго кайрылып. Журналисттер дагы ушундай талап койгондуктан, залдын аягындагы жыйынга келбеген эки депутаттын компьютери өчүрүлдү. Эскерте кетсек, «Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо үчүн 80ден кем эмес эл өкүлү добуш бериши керек.
Unknown Author