Жанар Акаев: "Канчалаган саясатчылар айлап-жылдап отурат. Алар Ширшовдон коркунучтуубу?"
Кечээ, 10-майда УКМК Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Ширшовдун коррупцияга шектелип кармалганын билдирип, бирок ошол эле күнү райондук соттун чечими менен үй камагына чыкты. Ширшовдун кармалышына байланыштуу «кустурат, кийин коё беришет» деген пикирлер айтылып, аны легалдаштыруу аракети болуп жатат дешүүдө. Мындан улам, депутаттарга «Ширшовду легалдаштыруу аракети болуп жатабы?» деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Жанар Акаевдин айтымында, ал бул иш боюнча кандайдыр бир күмөнү бар экенин айтты.
"Биздин рыноктон евро менен доллар сатып алынып, кайра башка өлкөгө алып чыгып кеткен схема иштеп баштаган. Муну бир канча булактардан тактап жатам. Фирманы билем, бирок ал каякка чыгып кетип жатат бул боюнча Улуттук банк бул купуя деп жооп берүүдө. Финансылык чалгындоо айтып жатат, Орусиядан келген миллиондогон акчалар жөнүндө сизге жооп бере албайбыз деп. Анда ким жооп берет? 600 миллион рубль келсе, Кыргызстандагы банктардан евро, долларларды сатып алып атса, мунун артында дагы бир схеманын артында дагы бирөө турат деген күмөн ойлор бар. Ушундай адамдардын кайра Кыргызстанга кайтып келгени өкүнүчтүү. Андан өкүнүчтүүсү камалып, жарым суткада чыгып кеткени. Эми башка адамдар келиши мүмкүн", - деди ал.
https://youtu.be/FL4Inh5yt_s