Жанар Акаев: "Ок атууну, куралдуу кол салууну жасаган адамдар эл аралык кылмыш сотунда жооп бериши керек"
Кечээ президент Садыр Жапаров БУУда сөз сүйлөп, биздин тынч жаткан элге каршы агрессия болгонун жарыя кылды. Биздин ТИМ да ушундай мааниде билдирүү таратты. Жыл сайын адамдар өлүп кетпеши үчүн биз аларды экинчи мындай кол салууга барбай тургандай кадамга барышыбыз керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев билдирди.
"Өзүңөр билесиңер, эл аралык кылмыш соту бар. Ага Тажикстан мүчө, бирок Кыргызстан мүчө эмес. Ал жерде жазылып турат агрессиялык кылмыш жасаса, жооп бериш керек. Ок атууну, куралдуу кол салууну жасаган адамдар эл аралык кылмыш сотунда жооп бериши керек. Эл аралык кылмыш сотунда жооп беришсин", - деди ал.