SerepTV Logo

Жанар Акаев: "Кыргызстан өзүнө тың болушу керек"

Жанар Акаев: "Кыргызстан өзүнө тың болушу керек"
12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Жаңжалдын жүрүшүндө тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганын Чек ара кызматынан билдиришти. Чыр-чатактан улам 18 миңден ашуун тургун коопсуз аймактарга эвакуацияланды. Мындан улам, SUPERTV’нын "Собол TIME" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында депутаттарга "Кыргыз бийлиги кандай реакция кылышы керек?" деген суроо менен кайрылдык. Депутат Жанар Акаев чек арада ок атышуу болуп жатканда Арка айылынын тургундары менен сүйлөшүп жатканын айтты. "Минометтон аткан үндөр угулуп жатты. Бул абдан өкүнүчтүү. Кошуналарыбыз эмне болуп жатышат билбейм. Тажикстан дайыма конфликтке түртөт. Бул жактан Казакстанга 300дөн ашык фуралар өтө албай турат. Биз бир союздабыз. Бул жагы Кытай биздин жүктөрдү киргизбейт. Бир азыр ушундай акыбалда турабыз. Биз гана Өзбекстан менен мамилебиз жакшы да. Тажикстан менен эмне кылышыбыз керек билбейм эми. Сүйлөшсөң кайра эле ушундай боло берсе. Ошол үчүн биз өзүбүзгө тың болушубуз керек",- деди ал. https://youtu.be/iNGkqmRpdq4