SerepTV Logo

Жанар Акаев: "Депутаттардын көбү Атамбаевге тымызын тамак киргизип турушат экен"

Жанар Акаев: "Депутаттардын көбү Атамбаевге тымызын тамак киргизип турушат экен"
Депутат Жанар Акаев "Статус" сайтына экс-президент Алмазбек Атамбаев менен түрмөдөн жолугушуп келгенин айтып берди.  Экс-президент менен жолугууга ал кесиптеши Рыскелди Момбеков экөө барган. Алмазбек Атамбаев алар менен көпкө баарлашып отуруп, президент кезиндеги кетирген кемчиликтери тууралуу айтып, каталарын моюнуна алган. "Аябай жакшы отурдук. Ал киши чынында бир аз ооруп атканын көрдүм. Көп отура албайт, айрым өнөкөт оорулары козголуп атыптыр. Биздин президент, өлкөнү башкарган адам, минтип жылыткыч коюп, ошого жылынып отурганына бир чети зээним кейиди. Ал мага өзүнүн убагында кетирген катачылыктарын дагы айтып берди, моюнуна алды. Анын ичинде мени да фракциядан чыгарып, куугунтук кылуу туура эмес болгонун, ошол учурда КСДПдан катачылык кеткенин өзү моюнуна алды. Бизге билинбей, көпчүлүк депутаттар Атамбаевге барып жолугушат экен, азыркы чакырылыштын депутаттары барып жолугат экен. Тымызын тамак киргизишет экен. Анткени баары бир Атамбаевдин саясий күчү бар», - дейт Жанар Акаев. Ал ошондой эле Атамбаевдин убагында бир топ жакшы иштер болгонун белгилеп кетти. «Бир нерсени моюнга алышыбыз керек. Атамбаевдин тушунда Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу, чырлуу болсо дагы ТЭЦтин көп бөлүгүнүн реконструкция болгону, "Датка-Кемин", Бишкектин ички жолдорун оңдоо сыяктуу чоң долбоорлор башталып, айрымдары бүткөн. Атамбаевдин убагында карыз алуу да болгон, бирок 3 миллиард доллардан ашык грант келген.  Атамбаевден кийинки келген бир да президент чоңураак бир дагы долбоорлорду баштап, же баштай турган ниетин да айта элек», - деди эл өкүлү.
Unknown Author